Тажикстан ондогон жылдар бою кол салууга даярданып келген — видео

Тажикстан ондогон жылдар бою кол салууга даярданып келген — видео

Тажикстан ондогон жылдар бою Кыргызстанга кол салууга даярданып келген. Мындай пикирин Reporter.kg′ге саясий талдоочу, мамлекеттик башкаруу боюнча эксперт Шерадил Бактыгулов билдирди.

Анын айтымында, 2014-жылдан тарта Тажикстан Кыргызстандын жарандарына каршы агрессиялык аракет көрүп келет.

“Алардын чек арага жакын жайгашкан айылдардын жай тургундарын туткунга алып кеткени, сабаганы, кыйноолорго алганы, курал-жарак, ракеталык ситемаларды колдонгону, оор куралдарды киргизгени алардын алдын ала даярданганынан кабар берет. Анткени аткылай турган секторлорду алдын ала аныктап, схемасын түзүү керек. Мындай аракеттер алардын эрте даярданганынан кабар берет”, — деди ал.

Ошондой эле, ал Тажикстандын ЖМКлары 2021-жылы объективдүү маалымат берүүгө аракет кылышса, 2022-жылы ачык эле фейк, жалган маалыматтарды берип жатышканын кошумчалады.

16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуп, Тажикстандын агрессиясынан улам куралдуу кагылыш башталган.

УКМК Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет көрүп жатканын билдирген. Кагылышты токтотууга аракеттер көрүлүп, эки өлкөнүн УКМК башчыларыпрезиденттери ок атууну токтотуу боюнча макулдашылган. Ага карбастан ок атышуулар түнгө барып басылган.

Камчыбек Ташиев чек арадагы жаңжалдын айынан аскер жана жай тургундар арасында курман болгондор бар экенин билдирген.

Кыргызстанда 19-сентябрь улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылыш боюнча билдирүү жасап, Тажикстан алдын ала пландап, Кыргызстанга кол салганын билдирди.

Акыркы маалыматтар боюнча Тажикстандын кол салуусунан Кыргызстан тараптан 59 адам каза тапты.

Бүгүнкү күнү чек арадагы абал тынч бойдон сакталууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>