Бишкекте асынып алган хореограф кат калтырып кеткен

Бишкекте асынып алган хореограф кат калтырып кеткен

Бишкекте мектептердин биринин короосунда асынган абалда табылган 37 жаштагы жаран кат калтырып кеткен. Бул тууралуу Reporter.kg’ге өздүк булактар билдирди.

Белгилүү болгондой, аталган жаран хореограф болуп иштеген. Ал калтырып кеткен катында өлүмүнө эч кимди күнөөлөбөй турганын жазган.

Эскертек кетсек, 5-июлда саат 09:14тө «102» кызматына шаардагы мектептердин биринин түндүк-батыш тарабындагы секичеде (крыльцо) эркек киши өз жанын кыйганы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя жерине райондук милициянын ыкчам-тергөө тобу барган. Милиция аныктагандай, маркум 37 жаштагы А.Э. аттуу жаран болгон. Ага кароо жүргүзгөн учурда эч кандай жаракаттар табылган эмес.

Аталган факт каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.

Маркумдун өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Бишкекте мектептин короосунан хореограф асынган абалда табылды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Бишкек

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>