Чүйдө кылмыштуулуктун алдын алуу маселеси талкууланды

Чүйдө кылмыштуулуктун алдын алуу маселеси талкууланды

Чүйдө кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча мамлекеттик органдардын жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 13-июлда Чүй облусунун Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясында өткөн иш-чарага бир катар министрликтердин, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнүн, дин кызматкерлеринин жана диаспора лидерлеринин катышкан.

«Биргелешкен иш-чаралар планына ылайык, Ички иштер министрлигинин, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка мамлекеттик жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү улуттар аралык мамилелерди, жарандык биримдикти чыңдоо, коомдук тартипти камсыздоо, улуттар аралык чыр-чатактарды болтурбоо сыяктуу маанилүү маселелерди талкуулады», — деп билдирет министрлик.

Жыйында ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкери сөз сүйлөп, катышуучуларга коомдук тартипти камсыздоо жана кылмыштуулук менен күрөшүү, экстремизмге каршы туруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берген. Ошондой эле, улуттар аралык ынтымакты чыңдоого, улуттар аралык мамилелерге өзгөчө көңүл буруларын белгилеген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ Чүй

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>