Бишкектеги No1005 шайлоо тилкесине 300 курсант алып келинди. ИИМдин жообу

Бишкектеги No1005 шайлоо тилкесине 300 курсант алып келинди. ИИМдин жообу

Бишкектеги No1005 шайлоо тилкесинде  300 аскер кызматкери добуш бергени тууралуу Ички иштер министрли түшүндүрмө берди.

Курсанттар аскер адамдары болгондугуна байланыштуу өздөрү катталган аймактын шайлоо тилкесине баралышпайт, ошол себептен №1005 шайлоо участкасына катталган.

Бүгүн, 11-апрелде саат 10:30 чамасында, Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБсынын Нөөмөт бөлүмүнө Бишкек шаарынын Жаш Гвардия бульварынын  №68 дарегинде жайгашкан №1005 аймактык шайлоо тилкесинде «болжол менен 300 аскерлерди алып келип шайлаттып жатат»  деген маалымат келип түшкөн.

Аталган окуя боюнча көрсөтүлгөн дарекке Бишкек шаарынын Ленин РИИБнын документтештирүү тобу барган учурда төмөндөгүлөр аныкталган:

«Окуя боюнча суралган №1005 сандуу аймактык шайлоо тилкесинин төрайымы  Оксана Токшань төмөндөгүдөй көрсөтмө берген:  11-апрель күнү 2021-жылдын саат 10:30 чамасында Куралдуу Күчтөрүнүн К.Үсөнбековтун атындагы Аскер Институтун №3-курстун курсанттары келип шайлоого катышып референдум  үчүн добуштарын берип кетишти. Аталган курсанттар аскер адамдары болгондугуна байланыштуу өздөрү катталган аймактагы шайлоо тилкесине бара алышпайт. Ошол себептен №1005 шайлоо тилкесине катталышкан», — деп маалымат берди.

Аталган маалымат, Ленин РИИБнын Автоматташтырылган маалыматтык системасынын Мааламыт каттоо китебине катталып, кылмыштын курамы жок болгондуктан норменкулатуралык ишке чыгышталган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>