КРда медициналык буюмдарды каттоо 10 күнгө чейин тездейтӨКМ эскертет: 23–25-октябрь күндөрү айрым аймактарда үшүк жүрөтБишкекте өспүрүм эки жол кырсыгына себепкер болду, жабыркагандар бар — видеоКаракол шаарынын кире беришиндеги жол оңдолот«Манас» социалдык айылында майып жарандар үчүн жаңы турак жай ачылдыБишкекте 22–23-октябрда айрым райондордо газ берүү убактылуу токтотулат
Шайлоо мыйзамдарын бузган 3 талапкер камакка алынды
11.04.2021 | 16:39
Шайлоо мыйзамдарын бузган 3 талапкер камакка алынды. Бул тууралуу маалымат жыйында Башкы прокуратуранын башкармалыгынын ага тергөөчүсү Артур Бит-Аврагим билдирди.
Ага ылайык, Жалал-Абад облусунда 1, Ош облусунда 1 жана Баткен облусунда 1 адам камакка алынган. Жалал-Абад облусунун тургуну “документ жасалмалоо” беренеси менен камакка алынса, Ош облусунун тургуну “алдамчылык” беренеси менен кармалган. Баткен облусунун тургуну шайлоо тилкесинен ноутбук уурдап кармалган. Бирок ИИМ маалымдагандай кийин ал адам коё берилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар