Бишкектеги сулуулук салондо кыз өз жанын кыюуга аракет кылган. Күбөлөр окуя тууралуу айтты

Бишкектеги сулуулук салондо кыз өз жанын кыюуга аракет кылган. Күбөлөр окуя тууралуу айтты

Бишкекте 25 жаштагы кыз шаардагы сулуулук салондордун биринде бычак менен өзүн-өзү кескилеген. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

Маалым болгондой, окуя 10-январда болгон. Болжол менен саат 16:44тө «102» кызматына Медеров көчөсүндөгү сулуулук салонунда кызи киши өзүн-өзү кесип салганы тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя жерине ыкчам-тергөө тобу барган.

Өзүнө кол салган 25 жаштагы кызга тез жардам келгенге чейин биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Учурда бул окуя боюнча тергөө иштери уланууда.

Аталган окуя Hair Boss сулуулук салонунда болгону белгилүү. Ал жакта иштеген кызматкерлер соцтармактагы баракчасында окуя тууралуу айтып берди.

«Ошол күнү мен жумушта болгом. Бизге бир кыз келип, «дааратканага кирип алайын» деди. Мен даараткана кайсыл жакта экенин көрсөтүп, ал дааратканага кирип кеткен. Көпкө чейин чыккан жок. 20 мүнөттөн кийин биз кабатырланып, эшикти каккылай баштадык. Эшикти көпкө чейин калкыладык. Бирок жооп болгон жок. Андан соң эшикти бузуп кирүүнү чечтик. Ошол учурда ал дааратканадан чыкпай жатканына 30-35 мүнөт болуп кеткен. Салондо 4 киши болчубуз.

Эшикти мен ачып кирип эле, үрөй учурган нерсени көрдүм. Көрсө, ал кыз дааратканада өз жанын кыюуга аракет кылыптыр. Биз дүрбөлөң боло түшүп, сыртка чыгып эле милицияга, тез жардамга чалдык. Андан кийин тез жардам менен милиция келип калды. Алар да бизге окшоп, шок болду», — дейт сулуулук салонунун кызматкери.

Анын айтымында, өз жанын кыюуга аракет кылган кыз бычакты өзү менен ала келген экен.

«Дарыгерлердин айтымында, биз аны убагында таап калыптырбыз. Эгер биз 5-10 мүнөткө кечиккенде, ал каза болуп калмак экен. Ал көп канын жоготуп алыптыр. Ал азыр ооруканада жатып, өзүнө келүүдө», — дейт ал.

Сулуулук салонунун кызматкери аталган окуя аларга катуу таасир эткенин, аз-аздан өздөрүнө келип жатканын белгиледи.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>