«Үч миң сомум жок». MBANK’тын кардарлары акчалары жоголуп жатканына нааразы

«Үч миң сомум жок». MBANK’тын кардарлары акчалары жоголуп жатканына нааразы

MBANK’тын кардарлары электрондук капчыгынын эсебиндеги акчалары жоголуп кеткенин айтып, нааразы болууда. Бул тууралуу алар Reporter.kg’ге билдирди.

Банктын кардарынын айтымында, ал досторунун маалыматынан кийин өзүнүн эсебин текшерип көрүп, анын дагы акчалары азайып калганын байкаган.

“Дароо MBANK’ты ачып карасам, 3 миң сомдой акчам жок болуп кетиптир. Кечээ май куюучу жайга барганда 6 миң сомго жакын акчам бар болчу. Ал жерден 1,5 миң сомго май куйганмын. Ошондо 4,5 миңдей акча калган. Андан башка короткон эмесмин. Досторумдун чалганынан кийин текшерсем, 1,5 миң сом гана бар экен. 3 миң сомум жок болуп кетиптир», — дейт ал.

Жарандар MBANK’ка чалып, бирок так маалымат ала албай жатканын айтышууда.

“Телефон чалсак, эч ким албай койду. Кандайдыр бир техникалык маселелер боюнча акчабыз кемиди деп көрсөтүп жатса, кардарларга маалымат таратып, билдирип коюшса болмок”, — деп нааразы болду ал.

Социалдык тармакта дагы MBANK’тагы акчалары жок болуп жатканы тууралуу даттануулар жазылууда.

Аталган маселени тактоо максатында MBANK’тын 3333 номерине байланышканыбызда, чалуу кеткен жок.  Ал эми 0312 61 33 33 номеринде жарандар үчүн аудиокайрылуу калтырылган. Анда MBANK’тын айрым кардарларынын акчасынын калдыктары туура эмес көрсөтүлүп жатканы, банк бул маселенин үстүндө иштеп жатканы жана көйгөй жакынкы мезгилде чечилери (эсептеги акча туура көрсөтүлүп калары) айтылат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>