Бишкекте жол кире акысы дагы 15 күн өзгөрбөйт

Бишкекте жол кире акысы дагы 15 күн өзгөрбөйт

Бишкекте коомдук унаалардагы жол киренин акысы убактылуу көтөрүлбөй турат. Бул тууралуу мэриянын Транспорт департаментинин директорунун орун басары Бакытбек Сарымсаков билдирди.

Ал белгилегендей, жыл башындагы эс алуу күндөрүнө байланыштуу жол кирени көтөрүү тууралуу токтом долбоорун бекитүү иштери кечеңдеп калган. Мындан улам коомдук унаалардын жол киреси убактылуу эски боюнча калат.

Мэриянын айтымында, документтерди тариздегенче кеминде 15 күн талап кылынат.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын аягында борбор калаадагы автобус-троллейбустарда жол кирени накталай эмес  17 сомго, акчалай төлөгөндө 20 сомго көтөрүү чечими кабыл алынган. Учурда автобус менен троллейбуста жол кире 11 сомду түзөт. Ошол эле учурда кичи автобустардын акысы 15тен 20 сомго көтөрүү каралган. Жаңы тариф 15-январдан баштап кирмек.

Бишкекте жол кире кымбаттайт

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>