Акыйкатчы Орусиядан которулуп келген студенттер окуудан чыгарылып жатканы боюнча Башкы прокуратурага кайрылдыБермет Барктабасова гемодиализ боюнча мыйзам бузуулар кандайча жаралышы мүмкүн болгонун түшүндүрдүСаламаттык сактоо министри жол кырсыгынан жабыркаган адамды куткарган КММАнын студентин сыйладыКыргызстанда алгачкы жолу ДНК-изилдөөлөр боюнча эксперттер сертификатталдыНоокенде жергиликтүү дыйкан, багбандар үчүн транспорттук-логистикалык борбор курулатЫсык-Көлдөгү форумда РКӨФ аркылуу 800 млн долларлык макулдашууларга кол коюлат
Бишкектеги тез татым жайда жигитти сабоого шектелген жаран кармалды
20.08.2024 | 16:50
Бишкекте тез татым жайында 22 жаштагы жигитти сабоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Эскерте кетсек, окуя 13-августта болгон. Жергиликтүү басылмалар жазгандай, бир адам Жал кичирайонундагы тез татымдын ичинде 22 жаштагы жигитти уруп, жаагын сындырган.
Аталган факт боюнча “бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 35 жаштагы Н.Т. аттуу жаран кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.
Учурда тергөө иштери уланууда.
https://reporter.kg/bishkekte-erkek-kishi-shaar-turgunun-sabap-salgan-video/