Бишкектеги жаңы автобекет август айында пайдаланууга берилет

10.05.2026 | 18:40

Өлкө башчы Садыр Жапаров 10-майда борбор калаадагы жаңы автобекет комплексинин курулушу менен таанышты. Объектини ушул жылдын август айында пайдаланууга берүү пландалууда.

Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, келечектеги автобекеттин долбоору президентке тогуз блоктон турган комплекс катары тааныштырылды. Архитекторлордун планы боюнча, комплексте айдоочулар жана кызматкерлер үчүн мейманкана, кенен күтүү залы, перрон, административдик имарат, коммерциялык жайлар, шаар аралык жана эл аралык автобустар үчүн токтоочу жайлар, ошондоо эле жеңил унаалар үчүн өзүнчө парковкалар болот.

Садыр Жапаров объектини кыдырып чыгып, подрядчыларга курулуштун жана колдонулган материалдардын сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Жаңы автобекет 2024-жылдын күзүндө жабылган Батыш автобекетинин ордун басат. Жибек Жолу проспектиси менен Чимкент көчөсүнүн кесилишиндеги эски автобекет 1981-жылы курулган жана толугу менен техникалык жактан эскирген болчу. Жүргүнчүлөр каттамы убактылуу Алма-Ата көчөсүндөгү бекетке которулуп, бийлик ал жердеги шарттардын талапка жооп бербестигин моюнга алып, жүргүнчүлөрдөн «сабыр кылууну» суранган. Эми шаардын түндүк четинде, Пригородное айылынан өткөндө «Манас» аэропортуна баруучу жолдун боюнда бул көйгөйдү чече турган заманбап комплекс курулууда.

Курулуш президенттин жеке көзөмөлүндө жүрүүдө. Ал буга чейин Элдик курултайда автобекеттерди Бишкектин сыртына чыгарууну жарыялаган. Божомолдорго караганда, иштер жайдын аягына чейин бүткөрүлөт. Жаңы автобекет жана Ош базары ачылгандан кийин, шаардыктардын ыңгайлуулугу үчүн борбор калаанын коомдук транспорттук каттамдары кайрадан каралып чыгат деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.

Scroll to Top