Бишкекте уурдалган кыз табылды. Милиция окуянын чоо-жайын айтты

Бишкекте уурдалган кыз табылды. Милиция окуянын чоо-жайын айтты

Бишкек шаарында кыздын уурдалышы боюнча иш териштирилүүдө. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 24-июлда саат 00:08де 102 кызматына Эркиндик/Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинен кызды ала качып кетишкени боюнча маалымат түшкөн. Анда күмүш түстөгү “Subaru Impreza” унаасынан кыз кыйкырып, жардам сураганы маалымдалган.

“Аталган факт каттоого алынган. Издөө иштеринин жүрүшүндө оперативдүү кызматкерлер тарабынан “Subaru” үлгүсүндөгү 600 унаа, жүздөгөн видеокамералар текшерилип, күбөлөр суралып, айдоочунун жүргөн жери аныкталган. Ал 22 жаштагы Н.М., жана жардам сураган кыз 21 жаштагы Б.Б., экендиги аныкталган. Экөө тергөө кызматына жеткирилген. Териштирүү учурунда кыз жумуштан кийин Н.М., аттуу жигити менен жолугуп, Эркиндик бульварына келгенин жана ошол жерде урушуп кетишкенин айткан. Окуя боюнча эмне үчүн милицияга кайрылган жоксуңар деген суроого алар ЖМКларга жарыяланып кеткенден кийин алар милицияга баруудан коркушканын жана бул окуя бат эле унутулуп калат деп ойлошконун айтышкан. Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн териштирүү иштери уланып жатат”, — деп билдиришти милициядан.

Буга чейин Бишкек шаарынын Эркиндик/Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинен кызды ала качып кетишкени боюнча видео социалдык тармактарга тараган болчу.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>