«Манас» социалдык айылында майып жарандар үчүн жаңы турак жай ачылдыБишкекте 22–23-октябрда айрым райондордо газ берүү убактылуу токтотулатБатумиде Борбор Азия жана Грузиянын кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери каралатКыймылсыз мүлк менен бүтүмдөрдү нотариалдык тариздөө үчүн мамлекеттик алым төмөндөтүлдүОоганстан БА үчүн башкы террордук коркунуч бойдон калууда — КМШ АТББир кварталда банктардын кассалары аркылуу дээрлик 3,8 трлн сом өткөн
Бишкектин чок ортосунда кыз уурдалды
24.06.2022 | 21:45
23-июнь күнү саат 23:57де Эркиндик/Жибек-Жолу бульварында кызды ала качып кеткени боюнча маалмат социалдык тармактарга тарады.
Анда күмүш түстөгү Subaru Impreza унаасы Эркиндик бульварында бара жатып, Жибек-Жолу тарапка бурулганы жазылган.
Бул маалыматты Биринчи Май райондук милиция тастыктап, бул фактыны каттап, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын билдирди.
“Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын жана Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын өздүк курамы ыкчам-издөө иштерин баштады”, — деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар