Бишкектиктер августтун аягында төрт күн катары менен эс алышат

Бишкектиктер августтун аягында жана сентябрдын башында төрт күн катары менен эс алышат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Эмгек кодексине ылайык, 31-август — Эгемендүүлүк күнү өлкө боюнча иш эмес майрам күнү болуп саналат. Бул күнү иштеген кызматкерлерге башка эс алуу күнү берилет же эмгек акысы эки эселенген өлчөмдө төлөнөт. Майрам күнү ишке тартуу үчүн кызматкердин жазуу жүзүндөгү макулдугу талап кылынат.
Ошондой эле, Министрлер кабинетинин №479 токтомуна ылайык, 2026-жылдын 1-сентябры Бишкек шаарындагы бюджеттик уюмдардын кызматкерлери үчүн эс алуу күнү деп белгиленди. Бул күнү орточо күндүк эмгек акы сакталат. Жеке менчик уюмдар үчүн 1-сентябрдагы эс алуу сунуштама мүнөзүндө болот.
Ал эми 29-30-август дем алыш күндөрү болуп саналат.