Сооданын өсүшү жана КММ жеткирүү: Жапаров менен Путин Бишкекте сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүАтом жана санарип: Путин менен Пашинян ШКУ саммитинде сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүЧолпон-Атадагы этнофестивалда дүйнөлүк жылдыздардын кимиси өнөр көрсөтөрү белгилүү болду — кенен маалымат«Мындай окуя 50 жылда бир болот»: Роза Зергерли Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи тууралуу«Аккую» АЭСи жана туризм: Бишкекте Путин менен Эрдогандын сүйлөшүүлөрү өттүДаярдыктан «памперстерге» чейин: Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине ат шоусу кандайча даярдалган?
Бишкектиктер Сухомлинов көчөсүндөгү каналды калыбына келтирбеген курулуш компаниясына нааразы
02.07.2026 | 17:09

Бишкектеги Сухомлинов көчөсүнүн жашоочулары Reporter.kg редакциясына кайрылып, «Abu Dhabi» турак жай комплексин куруп жаткан «El Ordo Group» ЖЧКсы Шота Руставели жана Жунусалиев (мурдагы Орджоникидзе) көчөлөрүнүн ортосундагы тилкеде жол боюндагы каналды калыбына келтирбегенин билдиришти.
«Куруучулар жазында котлован каза башташкан, натыйжада канал бузулуп, азыр суу кетпей жатат. Андан кийин алар диаметри 500 мм болушу керек болгон жерге 100 мм болгон ичке түтүк (труба) орнотуп коюшкан. Эми күн сайын бизде ушундай көрүнүш», — деп нааразы болушту жашоочулар.
Алардын айтымында, канал Чапаев көчөсү аркылуу өтүп, Сухомлинов көчөсү менен кесилишкен жердеги Журналисттер гүлбагын аралап, андан ары Жал кичи районуна кетет.
«Мына ошентип, суунун баары ушул жерге чогулуп жатат. Каналга өтө ичке түтүк салынганы аз келгенсип, анын ары жагы таптакыр бузулуп калган. Азыр суу жээгинен ашып, үйлөрүбүздү суу каптоо коркунучу жаралууда. Биз, жашоочулар, эмне кылышыбыз керек? Биз мэриянын да, суу чарба кызматынын да, "Зеленхоздун" да өкүлдөрүн чакырганбыз... Алар келип кетишти, бирок эч кандай майнап чыккан жок», — дешет тургундар.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом