Бишкекте курулуш люлькасынын кулашы: компанияга 200 миң сом айып салынды

Бишкекте трос үзүлүп, курулуш люлькасы кулап түшкөндөн кийин «Borsan Construction» компаниясына 200 миң сом айып салынды. Объектте курулуш иштери убактылуу токтотулганын Мамлекеттик курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен Reporter.kg басылмасына билдиришти.
Буга чейин 7-октябрда Юнусалиев көчөсү, 16 дарегиндеги 16 кабаттуу турак үйдүн курулуш аянтында жумушчулардын бири бийиктикте калып, көп кабаттуу үйдүн терезесинин алкагын кармап турганы кабарланган. Шериги терезени ачып, андан кийин ал имараттын ичине кире алган.
Ведомствонун маалыматы боюнча, асма платформага (люлькага) уруксат берилген салмактан ашыкча жүк жүктөлүп, конструкция чыдабай калган. Натыйжада люлька алтынчы кабаттан кулап түшүп, бир жумушчу жаракат алган. Тез жардам бригадасы аны ооруканага жеткирген. Учурда анын абалы туруктуу деп бааланууда.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча «Borsan Construction» ЖЧКсына карата акт түзүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө айып салынды.
Мындан тышкары, компанияга мыйзам бузууларды четтетүү, коопсуздук техникасын жана курулуш нормаларын сактоону камсыз кылуу боюнча жазма буйрук берилди. Кемчиликтер жоюлганга чейин объекттеги иштер убактылуу токтотулду.