Бишкектин абасын канткенде тазартабыз? Дүйнөлүк банк көз салууда

Бишкектин абасын канткенде тазартабыз? Дүйнөлүк банк көз салууда

Бүгүн, 4-февраль күнү Дүйнөлүк банк, Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жана Бишкек шаарынын мэриясы Бишкектин жана анын айланасындагы абанын булганышын азайтуу боюнча бир катар техникалык семинарларды баштады. Билим менен бөлүшүү иш-чараларынын бул сериясы абанын сапатын жакшыртуудагы көйгөйлөрдү, керектөөлөрдү жана артыкчылыктарды аныктоо жана борбор калаадагы абанын булгануу маселесин чечүү үчүн мындан аркы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө үчүн аянтча түзүүгө багытталган. Семинарлардын сериясы 2022-жылдын октябрына чейин уланат.

«Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жетектөөчү координациялык агенттик катары Бишкек шаарынын мэриясы, жергиликтүү жамааттар жана бейөкмөт уюмдар менен тыгыз кызматташтыкта өлкөдөгү абанын сапаты боюнча көйгөйлөрдү чечүү боюнча чараларды көрөт. Биз борбор калаабыздагы абанын сапатын жана жарандардын ден соолугун жакшыртуу боюнча Дүйнөлүк банк жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен болгон өнөктөштүгүбүздү жогору баалайбыз», — деди Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Канатбек Садыков.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) маалыматы боюнча, дүйнөдө жыл сайын абанын булганышынан улам пайда болгон жүрөк-кан тамыр жана өпкө ооруларынан, рактан жана инсульттан 6 млндон ашык адам каза болот. Ошону менен калктын аярлуу катмарынын олуттуу бөлүгү туура келет. Ден соолукка тийгизген кесепеттерден тышкары, абанын булганышы жогорку экономикалык чыгымдарды жана экологияга чоң зыян келтирет.

Дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөй эле, абанын сапатынын начардыгы Кыргызстандын ири шаарларынын жашоочуларынын ден соолугуна олуттуу коркунуч туудурат. Реалдуу убакыт режиминде абанын сапатын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берген IQAir глобалдык маалымат платформасы борбор калаанын абасында зыяндуу жана уулуу заттардын жогорку деңгээлин бир нече жолу каттаган. Бишкектеги абанын булганышынын деңгээли ДССУнун абанын сапаты боюнча көрсөтмөлөрүнөн жогору жана бир канча жолу ашып, шаар тургундарынын ден соолугуна коркунуч жаратууда.

Абанын булганышынын негизги булактары болуп кыш мезгилинде турак жайларды жылытуу жана транспорт каражаттары болуп саналат. Айрым маалыматтарга караганда, 2018-жылы турак жайларды жылытуу бөлүкчөлөрүнүн эмиссиясынын 50 пайызга жакынын, ал эми азоттун диоксидинин (NO2) эмиссиясынын 70 пайыздан ашыгын транспорттук каражаттар түзгөн.

Видеоконференция форматында өткөн семинарга Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен, Бишкек шаарынын мэриясынан, башка мамлекеттик органдардан, илимий коомчулуктан, өнүктүрүү уюмдарынан ар кандай кызыктар тараптар, анын ичинде ПРООН, Германиянын Эл аралык кызматташтык коому, Азия өнүктүрүү банкы, ошондой эле өнүктүрүү жана экология маселелери боюнча алдыңкы улуттук жана эл аралык эксперттер катышты. Алар учурдагы иш-аракеттерди, тиешелүү аракеттерди жана таза абаны камсыз кылуу үчүн энергетика, транспорт жана башка тармактардагы бардык кызыктар тараптардын ортосундагы координациялоо маселелерин талкуулашты.

«Шаардын муниципалитети шаардын экологиялык абалын жакшыртуу боюнча тиешелүү чараларды көрүп жатат, мунун баары шаардын жана Чүй облусунун Аламүдүн жана Сокулук райондорунун экологиялык абалын жакшыртуу боюнча комплекстүү иш-чаралардын планында, «Жашыл экономиканы» өнүктүрүү программасында жана башка документтерде чагылдырылган. Мэрия кызматташууга дайым даяр жана бардык сунуштарга ачык. Дүйнөлүк банктын, Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун жана башка донордук уюмдардын эксперттеринин тажрыйбасы жана билими шаарыбызга жана анын тургундарына пайдалуу болот деп ишенем”,-деди Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Максатбек Сазыкулов.

Дүйнөлүк банк кыргыз өкмөтүнө абанын булганышынын негизги факторлорун аныктоого, ошондой эле Бишкектин жана анын айланасындагы абанын сапатын жакшыртуу боюнча кыска жана узак мөөнөттүү чараларды жана инвестицияларды колдоодо. Бул өкмөттүк жана бейөкмөт уюмдар менен абанын сапатын башкаруу планын иштеп чыгууга өбөлгө болмокчу.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>