Бишкектин Ак-Өргө конушу гүлбакчалуу болот

Бишкектин Ак-Өргө конушу гүлбакчалуу болот

Бишкектин Ак-Өргө конушунда гүлбакча курулууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, гүлбакчанын аймагында баскетбол аянтчасы, чакан архитектуралык формалар, балдар аянтчасы, амфитеатр, отургучтар, тротуарлар, даараткана бар болот. Ошондой эле, гүлбакчанын айлана-тегереги жашылдандырылып-көрктөндүрүлөт.

«Гүлбакчанын жалпы аянты — 2,4 га. Бүгүнкү күндө суу жана канализациянын түтүктөрүн жаткызуу, скважинаны бургулоо, 164 метр тереңдикте суу соргуч орнотулду, даараткананын пайдубалын кую иштери аяктады. Учурда даараткананын дубалын тургузуу, тротуарларга бордюр жана таман таш төшөө, сугаруучу суу түтүктөрүн орнотуу иштери жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Жумуштар “Дорстройгрупп” ЖЧКсы тарабынан аткарылууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>