Ысык-Көлдөгү жаш жигиттин өлүмү. Экспертиза Таласта өткөрүлөт

Ысык-Көлдөгү жаш жигиттин өлүмү. Экспертиза Таласта өткөрүлөт

Ысык-Көлдө ур-токмоктон каза болгону айтылган 23 жаштагы Бекбол Аманкуловдун өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза Таласта өткөрүлөт. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициядан билдиришти.

Облустук милициянын маалымат боюнча, тергөө кызматы ар кандай күмөн саноолорду жоюу максатында каза болгон жигиттин жакындарына аталган экспертизаны Талас облустук соттук-медициналык экспертиза бюросунда жүргүзүүнү сунуштап, маркумдун туугандары өз макулдугун берген.

Белгилей кетсек, маркум Бекбол Аманкулов Талас облусунун тургуну болгон.

Ошондой эле милиция соцтармактарда 23 жаштагы жигиттин өлүмүнө байланыштуу делип массалык мушташтын видеосу тарап жатканын, аталган видео 5-августта эртең менен таратыла баштаганын, жаш жигиттин өлүмүнө эч кандай тиешеси жок экенин билдирди.

«Аталган видеодогу окуя 3-июль күнү Кара-Ой айылынын көл жээгинде жергиликтүү тургундар менен «Акун» пансионатынын кызматкерлеринин ортосунда болгонун билдиребиз. Окуянын бардык катышуучулары аныкталган. Алар 15-16 жашка чейинки өспүрүмдөр болгон. Алардын айтымында, 3-июль күнү болжол менен саат 01:00до көл жээгинде өспүрүмдөрдүн ортосунда оозеки уруш чыгып, мушташка айланган. Окуяны өз убагында көргөн пансионаттын коопсуздук кызматкерлери өспүрүмдөрдү ажыратып, таратып жиберишкен. Сурамжылоодо эки тарап тең арыз берүүдөн баш тартышкан», — деп билдирет милиция.

Кара-Ойдо болгон окуянын катышуучулары менен инспекторлор тарабынан профилактикалык иштер өткөрүлгөн.

«Андан тышкары, социалдык тармактардын айрым колдонуучулары соттук-медициналык экспертизанын жүрүшү боюнча эч кандай түшүнүгү жок эле, эксперттер жана милиция бул окуяны жаап-жашырууга аракет кылып, каза болгон 23 жаштагы Таластык тургундун өлүмүн анын талма оорусу менен байланыштырууга аракет кылып жатышат деп ишендиришүүдө. Бул маалымат чындыкка дал келбейт», — деп билдиришти милициядан.

Милициядан билдиришкендей, учурда соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыга элек. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча Ысык-Көл райондук милициясынын тергөө кызматы тарабынан мыйзамга ылайык чечим кабыл алынат.

Эскерте кетсек, буга чейин каза болгон жигиттин агасы иниси ур-токмоктон көз жумганын, милиция иниси талма оорусу кармап каза болгонун билдирип жатканын айтып чыгып, окуянын күбөлөрү болсо, маалымат берүүсүн өтүнгөн. Ошондой эле, маркумдун достору кайрылуу жасап, прокуратурадан ишти көзөмөлгө алуусун суранган.

7-августта облустук милиция 23 жаштагы жигиттин өлүмү боюнча үн катып, маалымат берген.

Ошондой эле, Бекбол Аманкуловдун өлүмү боюнча ишти президент жеке көзөмөлүнө алганы, укук коргоо органдарына объективдүү иликтөө жүргүзүүнү тапшырганы кабарланган.

Ысык-Көлдөгү жаш жигиттин өлүмү. Милиция эмне дейт?

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>