Бишкекте 13 жаштагы өспүрүм кыз үч күндөн бери изделүүдөМамлекеттик тууну үйүңүзгө илиңиз! Ошто патриоттук акция өтүүдөЖээнбек Кулубаев ШКУга мүчө мамлекеттердин улуттук координаторлорун кабыл алдыБишкекте Чүй проспектисинин жабылышына байланыштуу 16 автобустун каттамы убактылуу өзгөрөтОш шаарында бир нече негизги көчөлөр оңдолуп, пайдаланууга берилдиТүтүнсүз Көчмөндөр оюндары: Саламаттык сактоо министрлиги стадиондордо тамеки тартууга тыюу салынганын эскертти
Бишкектин Ала-Тоо аянтында көчөлөр жабылат
24.03.2022 | 16:32
Бишкектин Ала-Тоо аянтында көчөлөр жабылат. Бул тууралуу Патрулдук милиция кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, 24-мартта саат 22.00дөн 25-март 11.00гө чейин Чүй проспектисинин Орозбеков көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү жана Эски аянт – Абдумомунов көчөсүнүн Орозбеков көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү жабылат.
Мындай чектөөлөр Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана УКМКнын Чек ара кызматына атайын техникаларды салтанаттуу тапшыруу менен байланыштуу.
Бишкек ШИИБ келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана тыгындарды болтурбоо үчүн айдоочуларды алдын ала альтернативдүү жолду тандап алууга чакырат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом