Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Бишкектин борборунда Kia унаасынын айдоочусу сегиз жашар баланы сүзүп кетти
10.07.2026 | 11:12

Бишкекте 9-июлда болжол менен саат 20:15те Жумабек көчөсү менен Манас проспектисинин кесилишинде Kia Morning унаасынын 2001-жылы туулган айдоочусу Манас проспектиси менен бара жатып, сегиз жашар баланы сүзүп кеткен. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын (МККБ) басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жабыркаган бала тез арада №3 шаардык балдардын клиникалык тез жардам ооруканасына жеткирилген.
Reporter.kg басылмасына медициналык мекеменин башкы дарыгеринин орун басары билдиргендей, жабырлануучуга мээнин урунуусу (ушиб головного мозга) диагнозу коюлган. Учурда баланын абалы туруктуу.
Унаа айып аянтчасына токтотулду. Окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн тийиштүү соттук экспертизалар дайындалды.
Анара Мамытова