Бишкекте сүрөтчү Жыргал Матураимовдун жеке көргөзмөсү ачылатТогузунчу талапкер: Амур Айба Медер президенттик шайлоого катышууга арыз берди«Яндекс Go» компаниясынын «Элдик гид» сынагына эмгектерди кабыл алуу 30-ноябрга чейин узартылдыЧолпон-Ата шаарында жаштар борбору ачылдыБишкекте өтө турган Азия кубогунун тандоо оюндарына Кыргызстандын U-17 курамы аныкталдыОш электр тармактары ишканасынын кампа башчысы электр зымдарын сатууга шектелүүдө
Казакстан Кыргызстанга жаңы элчи дайындады
10.07.2026 | 11:26

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Абылкаир Скаковду Казакстандын Кыргызстандагы жаңы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматына дайындады.
Мамлекет башчысы тиешелүү жарлыкка 9-июлда кол койду. Дипломатиялык кызматта Скаков 2021-жылдын апрель айынан бери Казакстандын Кыргызстандагы элчилигин жетектеп келген Рапиль Жошыбаевди алмаштырды.
Элчилерди дайындоо жөнүндөгү жарлыктын алкагында кабыл алынган башка кадрдык чечимдер тууралуу «Акорданын» басма сөз кызматы өзүнчө маалымдады.
Теги: Казакстан