Кадамжайдын жети айылы таза суу менен камсыз болот

Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагында жети айылды таза суу менен камсыздоо боюнча иштер жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоор Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен ишке ашууда. Долбоордо жалпысынан республика боюнча 31 айылда, анын ичинде Баткен облусунун 28 айылында таза суу системаларын куруу каралган.
Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Жээнбек Макканбаевдин маалыматында, учурда эки суу кудугу жана үч суу кампасы үчүн жерлерди трансформациялоо иштери аяктады. Ошондой эле Кызыл-Коргон айылында 100 метр тереңдикте суу кудугу казылып, суунун сапаты лабораториялык текшерүүдөн өткөрүлгөн. Анын жыйынтыгы менен сууну ичүүчү суу катары колдонууга уруксат алынган.
Долбоордун кийинки этабында суу түтүктөрүн тартуу иштери башталат. Курулуш иштерин 2027-жылга чейин бүткөрүү пландалууда. Өкүлчүлүк аталган айылдарда таза суунун жоктугу маселе буга чейин III жана IV Элдик Курултайдын делегаттары тарабынан көтөрүлгөнүн кошумчалады.