Жаан жаайт: 19-июнга карата аба ырайынын божомолуАдылбек Касымалиев Евразияда креативдүү экономиканы өнүктүрүүгө чакырдыМанас шаарынын мэри кызматтан бошотулду. Президент тескемеге кол койдуБекешев: Көлбаевдин бардык мүлкү мамлекетке өткөн эмесТаласта фотокапкандардын объективине ак илбирс, сүлөөсүн жана башка жаныбарлар түштүСыдыгалиев: оор кылмыш боюнча айыпталгандар камакта болушу керек
Бишкектин четинде элчиликтин унаасы катышкан жол кырсыгы катталды
02.11.2020 | 10:06
Бишкек шаарынын четиндеги “РИОМ” унаа базарында элчиликтердин биринин унаасы катышкан жол кырсыгы катталды.
Бул тууралуу Reporter.kg`ге Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Hyundai үлгүсүндөгү унаа токтоп турган эки унааны сүзгөн. Кийинчерээк жабыркаган унаалардын айдоочулары эч кандай дооматтары жок экенин билдиришкен.
Учурда тергөө иштери Сокулук райондук милициясына өткөрүлүп берилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар