Бишкектин чок ортосунан курал-жарак табылды (ВИДЕО)

Бишкектин чок ортосунан курал-жарак табылды (ВИДЕО)

Бишкек шаарынан ок атуучу куралдардын жана баңгизаттар бекитилген жайы табылды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.

Ыкчам маалымат боюнча, ушул жылдын 10-апрелине караган түнү белгисиз адамдар Бишкек шаарындагы мечиттердин биринин жанында жайгашкан курулуш таштандыларынын арасына бир баштык катып кетишкендиги аныкталган.

Бул факт 2020-жылдын 14-апрелинде текшерүү иш-чараларын уюштуруу максатында Маалыматтарды каттоо журналына катталып, жогоруда аталган жайда текшерүү жүргүзүлгөн. Анын натыйжада бетон плитанын астынан ак түстөгү баштык табылып, ичинен 32 жана 12 мм калибрдеги 2 ок атуучу курал (араланган мылтык), 11 даана металл гильза, 3 даана граната жана спецификалык жыты бар кочкул жашыл түстөгү болжол менен 3 кг салмактагы (болжол менен гашиш) полиэтилен пленкасына оролгон буюм табылып алынган.

Азыркы учурда жогорудагы табылган нерселерге тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган керектүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>