Саламаттык сактоо министри Бейшеналиевге сөгүш жарыяланды

Саламаттык сактоо министри Бейшеналиевге сөгүш жарыяланды

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргенин 24.kg жазды.

Маалыматка ылайык, айыптоого Башкы прокуратуранын сунушу негиз болгон.

«Сөгүш жарыялоо жөнүндө буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду», — деп кошумчалады басма сөз кызматы.

Эске сала кетсек, буга чейин Башкы прокуратура бардык сотторду коррупционер деп атаган Алымкадыр Бейшеналиевди дисциплинардык жоопкерчиликке тартуу өтүнүчү менен министрлер кабинетине сунуш киргизген.

Март айынын аягында Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге биринчи эскертүү берген. Чиновник буга чейин трайбализмге айыпталып, аны кызматтан алууну талап кылган. Маалымат жыйында сүйлөгөн сөзүндө ал подрядчы «Капитал Билдинг ЛТД» ишканасын борбордун мурдагы директору Сабырбек Жумабеков сыяктуу «шылуун жана таластык» деп айткан.

Башкы прокуратура Алымкадыр Бейшеналиевдин окулист Алмазбек Исманкуловго айткан сөздөрү боюнча дагы бир чечимди чыгарды. Министр сөгүнүп, Алмазбек Исманкулов менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө ал «лопух» деп атаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>