Касым-Жомарт Токаев Орусияны ТМУга кабыл алууну сунуштадыКырсык себеп болгон: Бишкек мэриясы жаңы каптаманын бузулушунун себебин атадыКыргызстанда трансчек аралык кагазсыз соода боюнча Улуттук жол картасы иштелип чыктыКылмыштуу активдерди кайтаруу жана ачыктык: Башкы прокуратура Бакудагы жыйындаСадыр Жапаров геосаясий өзгөрүүлөрдүн шартында ТМУнун ролу өсүп жатканын билдирдиЖАМКнын тергөөчүсү 100 миң сом талап кылууга шектелип кармалды
Бишкектин Чүй проспектиси менен Сүйүмбаев көчөсүнүн кесилишинин жарымы жабылат
01.04.2022 | 16:47
Бишкекте 2-апрелден 10-апрелге чейин Чүй проспектиси менен Сүйүмбаев көчөсүнүн кесилиши унаа кыймылы үчүн жарым-жартылай жабылат. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, «АкНазЭлбилдинг» подряддык уюму жылуулук камерасын куруу менен жылуулук тармагын тартат.
Мэрия келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана Бишкек шаарынын тургундарын жана конокторун алдын ала автожол менен жүрүү маршруттарын кароону эскертет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом