Бишкектин эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу иштери уланууда

Бишкектин эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу иштери уланууда

Бишкек шаарынын Манас проспектисинде көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, борбор калаанын вице-мэри Нурдан Орунтаев Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Уран Мусаев менен биргеликте Манас проспектисин бойлой кыдырды.

Бүгүнкү күндө борбордун эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу максатында муниципалдык аймакка чыгып кеткен объектилер алынууда.

Ишти борбор калаанын мэриясынын  Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы, «Тазалык” ишканасы менен биргеликте жүргүзүүдө.

Мындан сырткары бузулган объектилердин ордунда көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат.Ошондуктан демөөрчүлөрдүн эсебинен №49 жана №57 үйлөрдүн фасадына сырдоо иштери жүрүп жатат.

Мэрия шаар тургундарынан, ишкерлерден объекттерди талапка ылайык келтирүүнү, ошондой эле муниципалдык аймакты өзүм билемдик менен ээлебөөнү суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>