Бишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болдуЕгипет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөтБишкекте мотоскутер айдаган өспүрүм каза болгон жол кырсыгынан кийин кылмыш иши козголду
Бишкектин ичине 12 блокпост коюлду – тизме
24.03.2020 | 09:42
Бишкектин ичине 12 санитардык пост коюлду. Постто шаар ичинде каттап жаткандардын ден соолугу текшерилет. Мындай чечимди Бишкек шаарынын бийлиги кабыл алганын республикалык штабдан билдиришти.
12 пост төмөнкү жерлерге коюлат:
- Фучик көчөсү менен Чоң Чүй каналынын кесилишине;
- Жаш гвардия бульвары проспектиси менен Саадаев көчөлөрүнүн кесилишине;
- Тоголок Молдо менен Саадаев көчөлөрүнүн кесилишине;
- Курманжан датка көчөсү менен Чоң Чүй каналынын кесилишине;
- Жибек жолу пр. менен Лермонтов көчөлөрүнүн кесилишине;
- Салиева менен Ауэзов көчөлөрүнүн кесилишине;
- Ауэзов менен Анкара көчөлөрүнүн кесилишине;
- 7-апрель көчөсүнө;
- Кожобергенов менен Жеңиштин 50 жылдыгы көчөлөрүнүн кесилишине;
- Дэн Сяопин менен Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишине;
- Муромская жана Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишине;
- Кожобергенов менен Семетей көчөлөрүнүн кесилишине.
Жеринде ӨКМдин жана милиция кызматкерлери күзөттө турат. Ал эми азык-түлүк менен товар ташыгандар тоскоолдуксуз өткөрүлөт.
Калаа бийлиги шаардыктарды үйдөн чыкпоого чакырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом