Депутат Баткен окуяларынын катышуучуларына өзгөчө макам берүүнү сунуштады

03.06.2026 | 14:48
Бактыяр Калпаев

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыяр Калпаев Баткен окуяларынын катышуучуларына өзгөчө макам берүү жана аларды социалдык жактан колдоо чараларын кеңейтүү сунушун көтөрдү.

Анын айтымында, 1999–2000-жылдары Баткен окуяларынын катышуучулары Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүн, элдин тынчтыгын жана коопсуздугун коргоп, чоң эрдик көрсөтүшкөн.

Депутат белгилегендей, алардын көбү жаракат алып, айрымдары курман болушкан. Бирок бүгүнкү күндө бул баатырларга жетиштүү деңгээлде көңүл бурулбай жаткан маселелер көтөрүлүүдө.

«Баткен окуяларынын катышуучуларына өзгөчө макам берүү, социалдык жеңилдиктерди кеңейтүү, медициналык камсыздоону жакшыртуу жана пенсиялык кошумча төлөмдөрдү карап чыгууга убакыт келди», — деди Калпаев.

Ал мамлекет үчүн өз өмүрүн тобокелге салган жарандар өзгөчө камкордукка татыктуу экенин белгиледи.

Парламентарийдин пикиринде, Баткен баатырларына көрсөтүлгөн мамиле мамлекеттин өз тарыхына жана өз коргоочуларына болгон урматынын көрсөткүчү болуп саналат.

Буга байланыштуу депутат министрлер кабинетин Баткен окуяларынын катышуучуларына өзгөчө макам берүү маселесин иштеп чыгууга чакырды.

Scroll to Top