Бишкектин мэрин шаар тургундары шайлайт. Мыйзам долбоору талкууда

Бишкектин мэрин шаар тургундары шайлайт. Мыйзам долбоору талкууда

Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына тактап айтканда “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап жатат. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, борбордун жашоочулары шаарды башкарууга мэрди түздөн-түз шайлоо аркылуу катыша алышат. Келечекте бул тажрыйбаны республиканын бардык шаарларына жайылтууга болот. Эл тарабынан шайланган лидерлер тургундардын ишеним мандаты менен камсыз болушат жана бул мэрияга жалаң гана шаарды өнүктүрүүгө, жергиликтүү маселелерди чечүүгө мүмкүндүк берет.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын шайлоо процессине түздөн-түз катышуу жашоочулардын өздөрүнүн жарандык жоопкерчилигин жогорулатат, социалдык маанилүү маселелерди чечүүгө катыша алышат.

Депутат Жанар Акаевдин айтымында, мэрдин шаар тургундары тарабынан шайланышы күчтүү талапкерлердин чыгышына өбөлгө түзөт.

Күчтүү талапкерлер чыксын. Бишкектин инфраструктурасын оңдойм, башаламан курулуштар, абанын булганышы, таштанды, жол тыгын сыяктуу маселелерди чечем деген талапкерлер өздөрүнүн программасы менен тааныштырып, мэрликке ат салышсын. Элдин колдоосуна ээ болуп, шайланып келсин. Шаардык кеңешке шайлоо болгон күнү бишкектиктер мэрди дагы шайлашсын. Эгерде мэр шаардыктар тарабынан шайланса, ал түздөн-туз элге иштегенге мажбур болот, ишин көрсөтөт, тынымсыз отчет берет”, — деди депутат өзүнүн билдирүүсүндө.  

Шаар тургундарынын мэрге ишеним көрсөтпөө маселесин көтөрүү укугу коомдук көзөмөлдүн жана бийликтин түздөн-түз элдин алдында жоопкерчилигин орнотуунун эффективдүү механизми болуп саналат.

“Биздин республикада, КМШ өлкөлөрүндө жүргүзүлгөн сурамжылоолор көрсөткөндөй, шаар тургундарынын басымдуу көпчүлүгү жергиликтүү аткаруу бийлик органдарынын башчыларын тике шайлоо системасын колдойт. Мыйзам долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт”, — деп айтылат маалымкат негиздемеде.    

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>