УКМК кармаган Имамидин Ташов бир айга камакка алынды

УКМК кармаган Имамидин Ташов бир айга камакка алынды

УКМК тарабынан кармалган «KG групп» курулуш компаниясынын ээси Имамидин Ташов бир айга камакка алынды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Имамидин Ташовдун бөгөт чарасы бүгүн, 23-апрелде каралып, УКМКнын тергөөчүсү келтирген өтүнүч боюнча сот аны 22-майга чейин камакка алган.

22-апрелде УКМК Имамидин Ташов кармалганын кабарлаган. Ал 22-апрелде кыргыз-казак чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп, (Алматыдан) Кара-Балтага баратканда Чүйдүн Кайыңды айылынан кармалган. УКМКнын маалыматы боюнча, ал Кара-Балтада күчтөрдү топтоо үчүн убактылуу штаб уюштуруп, андан кийин бийликти басып алуу максатында каршылык акцияларын өткөрүүнү пландаган.

Эскерте кетсек, 2024-жылы январда «KG групп» компаниясынын ээси Имамидин Ташов былтыр ал кармалганда, андан УКМКнын кызматкерлери «сол чөнтөккө» 100 млн сом сураганын билдирген. Анын айткандарын Камчыбек Ташиев калп деп атап, «Ташов менен Тилекмат Куренов өлкөдө төңкөрүш даярдап жатат» деп айыптаган. Ал экөө тең издөөгө алынган.

УКМК «KG групп» компаниясынын ээси Имамидин Ташовду кармады (видео)

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>