Бишкекте жылытуу сезону 28-октябрда башталатЭлчиликтен БУУнун Коопсуздук Кеңешине чейин: Кыргыз дипломатиясынын жолуЧүйдөгү Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо иштери улануудаКыргызстандын жаш балбандары Новосибирсктеги «Салттардын күчү» турниринде жети медаль жеңдиКыргызстанда экспорттук көзөмөл жаатында уруксат кагаздарын берүү тартиби жөнөкөйлөтүлөтКыргызстанда БАДдарды дары катары жарнамалоого тыюу салуу сунушталууда
Бишкектин мэриясы дзюдочу Эрлан Шеровго батир белек кылат
24.06.2024 | 13:04
Дзюдо боюнча Азия оюндарынын жеңүүчүсү, дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Эрлан Шеровго Бишкектен батир белек кылуу сунушталууда. Мэриянын тиешелүү токтом долбоору Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна киргизилди.
Дзюдочуга турак жай Бишкектеги олимпиадалык резерв спорт мектебинин тарбиялануучусу катары спортто жетишкен жетишкендиктери үчүн берилгени жатат. Спортчунун өзүнүн батири жок экени айтылат.
Шеров ала турган батир Тунгуч кичирайонунда жайгашкан.
Эскерте кетсек, Эрлана Шеров – Кыргызстандын тарыхында Азия оюндарында алтын уткан, дүйнө чемпионатында коло медаль тагынган биринчи дзюдочу. Ал быйыл Париждеги Олимпиада оюндарына катышат.
https://reporter.kg/taryh-zharatty-dzyudochu-erlan-sherov-dyjno-chempionatynda-kolo-uttu/
Рубрики: Жаңылыктар, Коом