Алимент өндүрүү боюнча сот чечимдеринин 60%дан ашыгы аткарылбайт«Эрезе» кыргыз тасмасы Сан-Паулу эл аралык кинофестивалынын программасына кирдиКылмыштан жабыркаган балдар кайра-кайра суракка алынуудаЭрте никеге туруу туруктуу көйгөй бойдон калууда — акыйкатчыБишкекте Kaspi эсептерин ачуу үчүн кыргызстандыктарды азгырган схема аныкталдыОш шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн тышын актап-сырдоо иштери жүрүүдө
Бишкектин мурдагы мэрлери Кулматов менен Ибраимов 6-ноябрга чейин абакта калтырылды
04.09.2019 | 12:52
Бүгүн, 4-сентябрда Бишкектин мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун бөгөт чарасын каралды. Аларды Ленин райондук соту 6-ноябрга чейин абакта калтырды.
Кулматов менен Ибраимов УКМКнын убактылуу кармоо жайында.
Кубанычбек Кулматовго карата 2018-жылдын май айында “коррупция” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, июнь айында камакка алынган. Ал Бишкектин «Калыс Ордо» конушундагы мектеп курулушу боюнча коррупцияга айыпталып жатат. Мамлекетке келтирилген чыгым 95 млн сомго жакын экенин айыптоочу тарап айтууда.
Мындан сырткары Албек Ибраимов «Дастан» ишканасы, муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз сатууга айыпталууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат