Уктоого мүмкүн эмес: Бишкектин тургундары түнкүсүн жүргүзүлгөн курулуш иштерине даттанууда

Бишкек шаарынын Тимирязев жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде (Улуттук илимдер академиясынын артында) түнкү саат 03:00гө чейин курулуш иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу шаар тургуну «Элдик репортёр» рубрикасына билдирип, видеосун жөнөттү.
Билдирүүгө ылайык, аталган даректе түнкүсүн техника иштеп, бургулоо, такылдатуу жана сигнал берүү сыяктуу үндөр угулат. Тургундардын айтымында, курулуш иштери кечки саат 21:00дө башталып, түн ортосуна чейин созулат. Бул жагдай жашоочулардын эс алуусуна тоскоолдук жаратууда.
Жашоочулар «Тынчтык жөнүндө» мыйзамдын талаптары бузулуп жатканын белгилешип, милицияга эки ирет кайрылышкан. Бирок андан жыйынтык чыкпай, жумуштар улантылган. Ошондой эле Бишкек мэриясына да арыз жазылып, ал тиешелүү бөлүмгө жөнөтүлгөн.
Тургундар жайкы ысыктан улам терезелерди жабууга мүмкүн болбой жатканына, ал эми ачык учурда катуу үндөр угулуп жатканына даттанып, түнкү ызы-чууну токтотуу боюнча чара көрүүнү талап кылышууда.
Эгер сизде биз үчүн жаңылык бар болсо, аны «Элдик репортёрдун» WhatsApp же Telegram’дагы төмөнкү номуруна жиберсеңиз болот: +996 995 232 413