Катуу суук! Бишкекте жылынуучу түйүндөр ачылды. Даректери

Катуу суук! Бишкекте жылынуучу түйүндөр ачылды. Даректери

Бишкек шаарында жарандар үчүн жылынуучу пункттар уюштурулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ӨКМ мэрия менен биргеликте 10 чатыр тигишти.

Свердлов районунда 2, Ленин районунда 3, Биринчи май районунда 1 жана Октябрь районунда 3 чатыр тигилди.

Жылынуучу пункттарда кеч калган жарандар жылынып, ысык чай иче алышат.

Даректери:

— Раззакова жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде;

— №5 кичи райондо 1/1 үйдүн жанында, Юнусалиева менен Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде;

— №12 кичирайондо, Маданият үйүнүн жанында;

— Тунгуч кичи районунда, Глобус супермаркетинин жанында;

— «Октябрь» кинотеатрынын жанында (батыш тарабы);

— «Манас» кинотеатрынын жанында;

— Чүй проспектиси № 315 дареги боюнча Ленин акимиатынын түштүк-батыш тарабы;

— Восток-5 кичи районундагы кичи арбат аялдамасында;

— Бельская көчөсүндөгү «Красная строитель» конушунун паркында (№4 автобустун токтой турчу жайы);

— Ошондой эле Дордой базарындагы Чыгыш автобекетинин жана Азия соода үйүнүн ичинде.

Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>