Биз азык-түлүк кризисине даяр болушубуз керек, — депутат

Биз азык-түлүк кризисине даяр болушубуз керек, — депутат

Бүгүн, 28-июнда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “Бааларды мамлекеттик жөнгө салуу маселелери боюнча” Кыргызстандын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” жана “Баа түзүү  жөнүндөгү” мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралды.

Жыйында баяндама жасаган экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Усенбекова белгилегендей, бааларды мамлекеттик жөнгө салуу  системасын өнүктүрүү, эркин баа түзүүнүн жана бааларды мамлекеттик жөнгө салуунун укуктук, экономикалык жана уюштуруучулук негиздерин өркүндөтүү болуп саналат.

Талкуу маалында депутат Тазабек Икрамов дары-дармектердин жана күйүүчү-майлоочу каражаттардын бааларын жөнгө салуу боюнча мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашыруу маселесине токтолду.

Ал эми депутат Гүлшаркан Култаева Кыргызстандын ички рыногундагы бааларды жөнгө салуу маселесин көтөрүп, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн материалдык резервди толуктоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Депутат Исхак Масалиев рынок шартында мамлекеттик баа түзүүгө багытталган мыйзам долбоорлорун колдоп: “Бир айдын ичинде ун 400 сомго кымбаттады. Бул кризиспи? Андыктан биз азык-түлүк кризисине даяр болушубуз керек”, — деди.

Талкуунун жыйынтыгында комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорлорунун концепциясын колдошту.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: депутат

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>