Алайда таежесинен кордук көргөн наристе фостердик үй-бүлөгө берилди

Алайда таежесинен кордук көргөн наристе фостердик үй-бүлөгө берилди

Ош облусунун Алай районунун Сары-Могол айылынан туугандары тарабынан жабыркаган үч жашар бала фостердик үй-бүлөгө берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, зордук-зомбулук фактысы боюнча билдирүү түшкөндөн кийин Алай райондук социалдык коргоо башкармалыгына баланын укугун коргоо боюнча чаралар көрүлгөн.

«Бала Гүлчө айылындагы ооруканага жеткирилип, ага медициналык жардам көрсөтүлгөн. Алай РИИБ тарабынан баланын ден соолугуна карата соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп, акт түзүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Эмгек министрлиги учурда баланын абалы канааттандырарлык экенин белгиледи.

«Анын мындан аркы тагдыры Алай районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын балдар иштери боюнча комиссиясы тарабынан каралат», — деп айтылат Эмгек министрлигинде.

Эске салсак, 26-июнда Сары-Могол айылынын тургуну таежеси балага зордук-зомбулук көрсөткөн фактысы аныкталган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>