Таласта “Аю” каймана аты бар адам кылмыштуу жолдон баш тартты (видео)

Таласта “Аю” каймана аты бар адам кылмыштуу жолдон баш тартты (видео)

Таласта кримчөйрөдө “Аю” каймана аты бар Ж.А. аттуу адам кылмыштуу жолдон баш тартты. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Белгилүү болгондой, ал кылмыш чөйрөсүндө “Сакал” деген каймана ат менен белгилүү Улан Токтосуновдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү болуп саналат. УКМК менен милиция кызматкерлери Ж.А. менен профилактикалык иштерди жүргүзүп, жыйынтыгында ал кылмыштуу топторго аралашуудан, ошондой эле уурулар идеясынан жана кылмыштуу түшүнүктөрдөн баш тарткан.

“Аны менен бирге ал мындан ары Кыргызстандын мыйзамдарын сактоого жана жакшы жаран катары жашоого милдеттендирээрин ишендирди”, — деп билдирет УКМК.

УКМК жарандарды уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз иш-аракеттери жөнүндө ишеним телефонуна 0312 66 04 75 номери аркылуу маалымат берүүгө чакырат. Маалымат берген адамдын аты-жөнү купуя сакталат.

Тэги: Талас УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>