Гутерриш: деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү адамдарды келечектен ажыратуудаКыргызстандын мыйзамдарына «буллинг» жана «кибербуллинг» түшүнүктөрүн киргизүү сунушталуудаТүп районунда лагерь жана 6 гектар жер мамлекетке кайтарылдыФермерлерди кредиттөө онлайн форматка өткөрүлөтАКШнын элчиси Лесли Вигери төрт жылдык ишин жыйынтыктап, Кыргызстан менен коштоштуКыргызстандын банктарында жаңы депозиттердин көлөмү 937 млрд сомго жетти
“Бокс” чокусунан бутун сындырып алган чет элдик жаран куткарылды
08.03.2025 | 10:36
Эдельвейстин куткаруучулары 3240 метр бийиктиктен чет элдик жаранды алып түшүштү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
7-мартта Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ала-Арча жаратылыш паркынын “Бокс” чокусунан түшүп келе жаткан чет элдик жаран бутун сындырып алгандыгы тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.
ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун “Эдельвейс” тоодон куткаруу отрядынын 10 куткаруучусу саат 08:00дө жерине чыгып, саат 10:30да керектүү шаймандары менен Аламүдүн районундагы Ала-Арча капчыгайындагы “Хижина Рацека” туристтик жайына жетишкен.
Куткаруу иштеринин натыйжасында куткаруучулар жабырлануучуга өз убагында биринчи медициналык жардам көрсөтүп, андан ары коопсуз аймакка эвакуациялап, Тез жардам кызматына өткөрүп берген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар