Болгарияда аварияга кабылган автобус өрттөнүп, 40тан ашык киши өлдү

Болгарияда аварияга кабылган автобус өрттөнүп, 40тан ашык киши өлдү

Болгариянын батышында жүргүнчү ташыган автобус аварияга кабылып, кеминде 46 киши набыт болду.

Мерт болгондордун арасында балдар да бар. Жети киши күйүк менен ооруканага жеткирилди.

Жол кырсыгы жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат экилер чамасында Боснек айылына жакын трассада катталган. Алдын ала маалыматтар боюнча автобус жол тосмосун сүзүп, андан соң күйүп кеткен.

Автобуста Түндүк Македониянын номуру болгон. Бул өлкөнүн тышкы иштер министри Буяр Османи автобус Түркиядан Скопье шаарын көздөй келе жатканын кабарлады. Туристтер дем алыш күндөрү Стамбулга барышкан.

Автокырсык болгон жерге барган Болгариянын ТИМ башчысы Бойко Рашков өлгөндөрдүн сөөгү толук өрттөнүп кеткенин айтты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>