Болгариядагы мелдеш: Акжол Махмудов жеңүүчү болду (видео)

Болгариядагы мелдеш: Акжол Махмудов жеңүүчү болду (видео)

Грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов (77 кг) Dan Kolov-Nikola Petrov мелдешинде алтын байге тагынды.

Аталган мелдеш Болгариянын София шаарында өттү. Ал 2-мартта башталып, бүгүн, 5-мартта жыйынтыкталды.

Финалда Махмудов армениялык Малхас Амоян менен күрөшүп, беттеш 1:1 эсебинде аяктады. Акыркы болуп упайды Махмудов алгандыктан, жеңиш кыргызстандык балбан тарапта болду.

Эскерте кетсек, Махмудов 4-мартта килем үстүнө чыгып, беттешти квалификациялык баскычтан баштаган.

Биринчи беттешинде норвегиялык Жоан Аакты 6:1 эсебинде уткан. Андан кийин 1/8 финалда грециялык балбан менен күрөшүп, аны 9:0 эсебинде жеңип алган. Ал эми, чейрек финалда польшалык балбандан күчтүү чыккан(10:0).

Жарым финалда Акжол Махмудов норвегиялык балбан менен күрөшкөн. Кармаштын биринчи бөлүгүндө Махмудов 2:0 эсебинде алдыда келе жатканда, күрөш учурунда, атаандашы жаракат алып, беттешти уланта алган жок. Ага байланыштуу жеңиш Махмудовго ыйгарылган.

Эскерте кетсек, буга чейин аталган мелдеште Жоламан Шаршенбеков алтын уткан.

Болгариядагы мелдеш: Жоламан Шаршенбеков алтын утту (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>