Өмүрбек Бабанов президенттикке талапкерлигин коёр-койбосу тууралуу айтты — видеоКыргызстандын финансы секторунун кардарларынын саны 26 миллиондон аштыТүркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жубайы менен Кыргызстанга келдиСадыр Жапаров Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен жолугуштуПакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф Кыргызстанга келдиСадыр Жапаров менен Нарендра Моди кыргыз-индус кызматташтыгын талкуулашты
Болот Мамбетовдун сөөгүн Москвадан Бишкекке алып келүү сунушталды
29.02.2024 | 12:38
Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Балбак Түлөбаев мамлекеттик жана саясый ишмер Болот Мамбетовдун сөөгүн Кыргызстанга алып келүүнү сунуштады.
Ал президентке кайрылып, Ысык-Көл облусунун тургундары өтүнүп жатканын айтты.
“Убагында Исхак Раззаковду алып келгенбиз. Болот Мамбетовдун сөөгүн дагы Москвада таштабасак”, – дейт эл өкүлү.
Болот Мамбетов 1961—1968-жылдары Министрлер кеңешинин төрагасы болгон. Ал 1990-жыл көз жумуп, Новокунцевск мүрзөсүнө коюлган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом