Болот Назаровдон Акыйкатчы институту кабар алды

Болот Назаровдон Акыйкатчы институту кабар алды

Кыргызстандын Акыйкатчы институтунун аппарат жетекчиси Аскат Азарбеков 48 саатка кармалган акын Болот Назаровдон кабар алып чыкканын журналисттерге айтып берди.

Ал, “мен жаңы эле Болот Назаров менен жолугуп чыктым. Азыр анын башы ооруп жатыптыр. Анткени, мурун эле башынан чайкалуусу бар экен. Эч ким согуп-урбаптыр. Наркотика боюнча биринчи жолу чыккан экспертизадан каныман кичине чыкты деп атат. Ал бирок, баарынан эле чыгышы мүмкүн. Башка нерседен деле чыгып калышы мүмкүн дейт. Наркотика сатканга эч кандай тиешем жок дейт. Наркотика алганга эмес, нан алганга каражатым жок. Ушул тапта акчадан кыйналып жатам. Мыйзамсыз мени кармап алышты деп жатышат. Биз жаңы эле арызын алдык. Биз бул арыздын негизинде тыгыз иш алып барабыз» — деди Азарбеков.

Болот Назаров наркотикалык затты мыйзамсыз колдонгон деген шек менен 48 саатка кармалган.  Журналист Болот Темировду жана төкмө акын Болот Назаровду милиция 23-январга караган түнү кармап кеткен. Милициянын маалыматына караганда, кылмыш иши козголуп, экөө тең шектүү катары өтүп жатышат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>