Бишкекте дем алыш күндөрү жана кечки убакта жеке унааларга автобус тилкелери менен жүрө алышатДүкөндөрдө эми алакан менен төлөөгө болот: MBANK MPay Alakan технологиясын тааныштырдыКыргызстанда ишке орноштуруу агенттиктеринин кызматын акысыз кылуу сунушталууда«Бала менен ыктыярдуу жыныстык катнаш болбойт»: Бекешев жазаны жеңилдетүү жөнүндө7-октябрга карата Кыргызстандагы аба ырайынын божомолуБишкектин Асаналиев көчөсүндөгү темир жол өтмөгүндө унаа кыймылы чектелет
Бөлтүрүк Улуттук банк менен Кумтөр кантип иштешерин айтты
17.05.2021 | 17:07
Кыргызстандын Улуттук банкы Кумтөрдүн алтындарын түз сатып ала баштайт. Бул тууралуу «Кумтөр Голд» компаниясынын директорлор кеӊешинин мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк Жогорку Кеңеште Кумтөр алтын кенинин ишмердүүлүгүн иликтөө жыйынтыгы угулуп жатканда билдирди.
“Азырынча кор 2-3 айга жетет, эгер биз алдын албасак, кен казуу ишканасы өзүнүн ишин токтотот. Азыр мындай окуяга жол бербөө боюнча алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө. Ошондуктан Улуттук банк Кумтөрдөн алтынды түз сатып алат. Жакында биринчи партия болот. Бул акчалар биздин бардык салыктык доонун ордун толтурууга жумшалат жана тышкы башкаруунун эсебине түшөт. Аталган каражатка жабдуу боюнча байланыштар калыбына келтирилет. Биз азыр Центерра Голддон коркпойбуз”, – деди Бөлтүрүк.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика