Борбордун социалдык мекемелери суукка даяр

Борбордун социалдык мекемелери суукка даяр

Абанын температурасы төмөндөгөнүнө байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаментинин директору Бактыгүл Исмаилова ведомствого караштуу мекемелердин жетекчилери менен суукка даярдык маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдирди.

Маалыматка караганда, Департаменттин түзүмүнө 9 мекеме кирет, алардын ичинен 7 стационардык типте, бир күндүзгү мекеме жана бир консультациялык типте.

Мындан тышкары кыш мезгилинде Бишкек шаарынын аймагында туруктуу жашаган жери жок адамдар үчүн эки убактылуу баш калкалоочу жай ачылган:

Октябрь районунда жайгашкан  баш калкалоочу жай 60 адамга ылайыкталган жана төмөнкү дарек боюнча жайгашкан: 12 кичи район, А. Токомбаев көчөсү, №1а.

Баш калкалоочу жай менен төмөнкү телефондор боюнча байланышса болот: 0312 511938, 0708880218 – Октябрь районунун социалдык кызмат көрсөтүү секторунун адиси Сталбек Эсенкулов;

Свердлов районунда убактылуу баш калкалоочу жай Фере көчөсү, №34а дареги боюнча ачылган, 40 адамга ылайыкталган.

Сурап — билүү телефону: 360335, 0706 168877 — Эркин Мамаев, Свердлов районунун социалдык кызмат көрсөтүү секторунун башкы адиси.

Ленин районунун аймагында: Трудовая көчөсү №10 дареги боюнча туруктуу негизде «Кайрымдуулук борбору» коомдук фонду иштейт, ал жерде оор турмуштук кырдаалга кабылган  балдары бар аялдар убактылуу баш калкалай алат.  Сурап-билүү үчүн телефондор: 644871, 0550 546622 – Роза Казиевна.

Белгилей кетсек, баш калкалоочу жайларга туруктуу жашаган жери жок адамдар өз алдынча кайрыла алышат, ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана тез жардам бригадасы жеткириши мүмкүн.

Кайрылгандарга бир жолку ысык тамак берилет. Коопсуздук үчүн РИИБдин кызматкери дайыма нөөмөттө турат, ал эми үй-бүлөлүк медицина борборлорунун дарыгерлери жана медайымдары системалуу түрдө зарыл болгон медициналык жардамды көрсөтүп турат.

  • «Урматтуу шаардыктар жана коноктор! Эгер үй-жайсыз, жардамга муктаж адамдарды көргөн болсоңуз милицияга чалыңыз: 102, тез жардам: 103»-деп айтылат билдирүүдө.
 Телеграм каналыбызга катталыңыз
Тэги: суук

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>