Бразилияда журналист менен гид изделүүдө

Бразилияда журналист менен гид изделүүдө

Бразилияда өткөн жекшембиде дайынсыз жоголгон журналист менен гидди издөө иштери уланууда.

Британдык Дом Филлипс жана бразилиялык жергиликтүү маданият боюнча эксперт Бруно Перейра Перу менен чек арага жакын алыскы, жунгли токою жактагы Жавари өрөөнүндө жоголду. Буга чейин алты адам милицияга көрсөтмө берген.

«Биз кандайдыр бир тергөө версиясын жокко чыгарбайбыз. Бизде эки негизги тергөө линиясы, эки жик бар. Кандайдыр бир жол менен биз дайынсыз жоголгон адамдарды издеп жатабыз. Кылмыш болушу да мүмкүн»— деп билдирди Амазонас полициясынын башчысы Александр Эдуардо.

Дом Филипс менен Бруно Пререйра акыркы жолу кайык менен саякатта жүргөн кезинде көрүшкөн. Кийинчерээк алардын артынан ээрчиген адам укук коргоо органдары тарабынан кармалып, бирок кийин кое берилген. Жергиликтүү активисттердин айтымында, Филлипс менен Перейра акыркы жумада аймакта иштеп жүргөндө коркутууларга кабылышкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>