Педофилдер бычылгандан кийин да зомбулукка барышат, — сексолог

Педофилдер бычылгандан кийин да зомбулукка барышат, — сексолог

Жогорку Кеңештин депутаты Улан Бакасов педофилдерди хирургиялык жол менен бычуу тууралуу мыйзам долбоорун сунуштап жатат. Долбоор Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетте биринчи окууда каралып, колдоо тапты.

Бул мыйзам долбоор боюнча медицина илимдеринин кандидаты, сексолог Нурбек Моңолов өзүнүн пикирин билдирди.

Анын айтымында, хирургиялык кастрация педофилдерди токтото албайт.

«Педофилдерди химиялык же хирургиялык жол менен бычуу керек деген маалыматтарды угуп жатам. Менин оюмча бул пайдасыз нерсе, анткени педофилдер бузукулар. Алар зомбулукту урук бези жок деле уланта беришет. Бычуу менен маселе чечилбейт. Ошондуктан эгерде аларды жазалайбыз десек, бизде сот системасы жакшы иштеши керек, күнөөсүн далилдеп, аны өмүр бою эркинен ажыратуу зарыл», — деди сексолог.

Моңоловдун айтымында, 99,9% учурда педофилдер хирургиялык бычуудан кийин дагы зомбулукка барышат.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстанда педофилдерди химиялык жол менен бычуу жазасын киргизүү аракеттери болгон. 2013-жылы ал демилгени президент Алмазбек Атамбаев артка кайтарган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>