Садыр Жапаров VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ачты — сүйлөгөн сөзүнүн негизги учурларыСи Цзиньпин ДКӨнүн ачылышына катышкан жок — себебин КР башчысынын маалымат катчысы айтып бердиРоссиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга жумушчу сапар менен келди«Баары ыкчам өнүгүүдө»: Марат Амираев Кыргызстандагы өзгөрүүлөр тууралууДКӨнүн ачылышында «Бишкек-Аренага» 30 миңге жакын көрүүчү чогулду — сүрөтӨмүрбек Бабанов президенттикке талапкерлигин коёр-койбосу тууралуу айтты — видео
Британ Королевасы элчи Эдил Байсаловду кабыл алат
14.11.2019 | 11:23
Кыргызстандын Улуу Британия менен Түндүк Ирландиядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Эдил Байсаловду Улуу Британиянын Королевасы Елизавета II кабыл алат.
Бул тууралуу вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Лондон шаарында өткөн Кыргыз-британ инвестициялык форумунда билдирген.
Форумга катышып жатып вице-премьер-министр Улуу Британия Европа биримдигинен чыккан соң соода жана экономикалык мамилелерди өнүктүрүү үчүн жаңы макулдашуу түзүлөрүнө кызыктар экенин белгилеп өткөн.
Коомдук ишмер Эдил Байсалов Кыргызстандын Улуу Британия менен Түндүк Ирландиядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп 11-июнда дайындалган. Буга чейин Улуу Британияда элчилик кызматты Гүлнара Исакова аркалап келген.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат