13-октябрь: өлкөнүн айрым аймактарында жаан, тоолуу жерлеринде кар жаашы күтүлөт«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилди
БШК бир катар жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
19.05.2026 | 10:51
Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 19-майдагы жыйынында бир нече жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндөгү аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти. Бардык ыйгарым укуктар депутаттардын жеке арыздарынын негизинде токтотулган.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча бош калган мандаттар төмөнкү талапкерлерге берилди:
- Чолпон-Ата шаардык кеңешиндеги «Улуу Кыргызстан» фракциясынын депутаты Рамис Кожомсановдун мандаты Өмүрбек Жигитековго берилди.
- Кочкор районунун Кара-Суу айылдык кеңешинде Бактыяр Раманкуловдун мандаты Бекташ Шарабидиновго өттү.
- Кербен шаардык кеңешиндеги «Ынтымак» фракциясынын депутаты Манас Кыдыралиевдин мандаты Нурбек Юсуповго берилди.
- Ноокат районунун Көк-Жар айылдык кеңешинде Насибахан Раимжанованын мандаты Замирбек Жалаловго өттү.
- Ошондой эле Ноокен районунун Д. Садырбаев атындагы айылдык кеңешинде жана Кочкор-Ата шаардык кеңешинде бош калган мандаттар кийинки талапкерлерге өткөрүлүп берилди.
Ал эми Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Максат Алымбековдун («Ынтымак» фракциясы) жана Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаты Алтынбек Салимовдун («Эмгек» фракциясы) ыйгарым укуктары мандаттарды кийинки талапкерге өткөрүп берүүсүз токтотулду — алардын ордуна кимдер келери тууралуу маалымат азырынча тактала элек.