Нургазы Атканов «Кызмат» мамлекеттик мекемесине жетекчи болуп дайындалдыСауд Арабиясы Эр-Рияддагы аэропорттун жабылышын узартты13-октябрь: өлкөнүн айрым аймактарында жаан, тоолуу жерлеринде кар жаашы күтүлөт«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору
Ошто уюшкан кылмыштуу топко таандык курал-жарактар катылган жай табылды
19.05.2026 | 11:02

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Ош облусунда курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жайды аныктады. Аталган кызматтын маалыматында, жашыруун жай «Женго» каймана аты менен таанымал Кадырбек Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө таандык.
Иш-чаралардын алкагында «Ош» эл аралык аэропортунун аймагына жакын жерден бир даана аңчылык куралынын кесилген түрү, бир даана АК «Сайга», эки даана ПМ тапанчасы жана аталган куралдарга тиешелүү ок-дарылар табылып алынган.
УКМК учурда алынган курал-жарактардын келип чыгышын аныктоо жана жашыруун жайды уюштурган адамдарды тактоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар